Бишкек шаарынын Октябрь районунда 50 жаштан жогору спорт сүйүүчүлөрү арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Турнирге үч команда катышты. Мелдештин жыйынтыгы боюнча байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун — «Көк-Жар»;
2-орун — «Улан»;
3-орун — «Тунгуч».
Иш-чара сергек жашоо образын жайылтуу, тургундарды туруктуу түрдө спорт менен машыгууга тартуу жана улуу курактагы адамдардын физикалык активдүүлүгүн жогорулатуу максатында уюштурулду.
Мындан ары да ушундай спорттук иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүү пландалууда.
Турнирди Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментине караштуу Октябрь райондук администрациясынын спорт боюнча инструкторлору уюштурду.


