Бишкек шаарынын мэриясы ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө балдардын жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүгө чакырат.
Аба ырайынын жакшырышы менен балдар жана өспүрүмдөр көчөдө көбүрөөк убакыт өткөргөндүктөн, алардын коопсуздугуна, айрыкча көчөдө ойноп жаткан учурда өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Айрыкча жаш балдар үчүн унаа жолдун боюнда ойноо кооптуу. Ата-энелер балдарга жол коопсуздугунун эрежелерин түшүндүрүп, жолдо жана транспорт кыймылынын жанында ойноого жол бербеши керек, ошондой эле мүмкүн болушунча балдарды сейилдөө учурунда коштоп жүрүүсү зарыл.
Мындан тышкары, балдардын электр шаймандарын жана тиричилик техникасын колдонуусун көзөмөлдөө маанилүү. Аларга электр энергиясын коопсуз пайдалануунун эрежелерин үйрөтүп, күйгүзүлгөн шаймандарды көзөмөлсүз калтырбоо зарыл.
Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алууга өзгөчө көңүл буруу керек экендигин белгилейбиз. Ата-энелерге балдардын чөйрөсүнө кызыгуу, кооптуу оюндарга жана мыйзамсыз аракеттерге катышууга жол берилбестигин түшүндүрүү, ошондой эле жашы жете элек балдарга түнкүсүн чоңдордун коштоосуз коомдук жайларда жүрүүсүнө чектөө киргизүү сунушталат.
Эске сала кетсек, жашы жете электерге саат 22:00дөн кийин ата-энелердин жана жакындарынын коштоосу жок коомдук жайларда болууга тыюу салынат.
Бишкек шаарынын мэриясы балдарга көңүл бурууну, коопсуздук эрежелерин дайыма эскертип турууну жана биргелешкен аракеттер менен алардын коопсуздугун камсыз кылууну өтүнөт.