Борбор калаада Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык  жер мунапысынын алкагындагы иштер үзгүлтүксүз улантылууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча комиссиянын ишин улантууда.

Комиссия  тарабынан 37 материал каралып, ар бири боюнча тиешелүү чечим кабыл алды.

Бул багыттагы иштер уланууда.