2026-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарынын күнүн майрамдоого карата Ала-Тоо аянтында «ВАЛЬС КЕЧЕСИ» аттуу маданий иш-чара өткөрүлөт. Анын алкагында бий өнөрүн көрсөтүүнү каалагандардын бардыгы үчүн сынак уюштурулат.
Сынакка катышуу үчүн алдын ала каттоодон өтүү зарыл. Каттоодо байланыш маалыматтарын, жашын, аты-жөнүн көрсөтүү талап кылынат. Милдеттүү шарттар: жуп болуп катышуу, белгиленген дресс-кодду сактоо жана алдын ала даярдыкка ээ болуу.
Сынактын программасында төмөнкү номинациялар каралган: «Эң мыкты бий жамааты», «Эң мыкты бийчи», «Эң мыкты дуэт» жана "ВАЛЬС КЕЧЕСИ” фестивалына активдүү катышкандыгы үчүн».
Сынактын алдында репетиция өткөрүлөт. Анын датасы жана убактысы катышуучуларга кошумча билдирилет.
Катталуу жана кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерине кайрылсаңыздар болот: 0312 510 178.