2026-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында «Коммуникативдик ыкма жана STEAM-билим берүү концепциясы аркылуу орус тилдүү класстарда кыргыз тилин натыйжалуу окутуу» аталышындагы семинар-тренинг болуп өттү.
Иш-чара орус тилинде билим берген мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн уюштурулду. Семинардын алкагында №71 мектеп-интернатынын мугалимдери ачык сабактарды өткөрүп, кыргыз тилин окутууда STEAM-ыкмасын колдонуу тажрыйбасын көрсөтүштү.
Семинар-тренингдин негизги максаты — алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу, өз ара тажрыйба алмашуу жана билим берүү процессине заманбап окутуу ыкмаларын киргизүү болду.
Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган.





