2026-жылдын 27-мартынан 5-апрелине чейин Бишкек шаарындагы Теннис боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин базасында ар кандай курактагы өспүрүмдөр арасында ОРАБӨМдүн ачык биринчилиги өттү.

Мелдештин уюштуруучулары — Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментине караштуу теннис, паралимпиадалык жана күч түрлөрү боюнча ОРАБӨМ.

Мелдештин негизги максаты — Кыргыз Республикасында теннисти өнүктүрүү, ошондой эле балдар менен өспүрүмдөр арасында сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат. Турнирге өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген спортчулар катышты.

Мелдештер жогорку уюштуруу деңгээлинде, достук жана атаандаштык маанайда өтүп, жаш муун арасында спортту жайылтууга өбөлгө түздү.

Жыйынтыгында төмөнкү жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталды:

2016-жылы төрөлгөн жана андан кичүү кыздар:
1-орун — Гриценок Таисия;
2-орун — Холковская Олеся;
3-орун — Мельниковская Регина;

2016-жылы төрөлгөн жана андан кичүү уулдар:
1-орун — Тепуков Дариэль;
2-орун — Котельников Герман;
3-орун — Абдувалиев Дастан;

2015–2013-жылдары төрөлгөн кыздар:
1-орун — Чукина София;
2-орун — Умтулова Айлин;
3-орун — Сатыкеева София;

2015–2013-жылдары төрөлгөн уулдар:
1-орун — Абдукаримов Алан;
2-орун — Абдиев Алан;
3-орун — Кульджаев Камаль;

Белгилей кетсек, жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар жана ардак грамоталар менен сыйланышты.