Коммунаров көчөсү, 93 дареги боюнча 280 орунга ылайыкталган бала бакчаны капиталдык оңдоо иштери улантылууда.

Имараттын жалпы аянты 2304,8 чарчы метрди түзөт, ал эми жер тилкесинин аянты — 0,79 гектар. Имарат эки кабаттан турат жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине коюлган заманбап талаптарга ылайык курулууда.

Биринчи кабатта 6 топ үчүн уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, буфет, кир жуучу жана үтүктөө бөлмөлөрү, санитардык түйүндөр, кызматкерлер үчүн бөлмө, медициналык кабинет, ашкана, техникалык жайлар жана кампалар жайгашкан.

Экинчи кабатта дагы 6 топ үчүн уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, жетекчинин кабинети, ошондой эле музыкалык жана гимнастикалык сабактар үчүн өзүнчө залдар каралган.

Ошондой эле, айланасындагы аймакта 12 оюн аянтчасын куруу пландалууда.

Учурда аймакты көрктөндүрүү, оюн аянтчаларын куруу жана ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө. Чатырын жабуу, айланасын тосуу жана фасаддык иштер толугу менен аяктады.

Подрядчы уюм — «Эйти Эмпайр» ЖЧКсы.