2026-жылдын 12-апрелинде жыл сайын өтүүчү "Жаз деми" жазгы жарышы өткөрүлөт. Иш-чарага 25тен ашык өлкөдөн 4500гө жакын адам катышып, 5 км, 10 км, 21,1 км аралыктарга чуркашат.

Өткөн жылдагы жакшы тажрыйбаны эске алуу менен, чуркоо маршруту кайрадан  «Газпром-балдарга» дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында өтөт.

Маршрут төмөнкү көчөлөр аркылуу өтөт:

* Жайыл Баатыр көчөсүнүн Алыкулов көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин;
* ⁠А. Масалиев көчөсүнүн Садырбаев көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейин.

Ушуга байланыштуу Жайыл Баатыр жана А. Масалиев көчөлөрүнүн Алыкулов көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейинки түштүк тарабы саат 05:00дөн 13:00гө чейин жабык болот.