Бишкек шаарынын мэриясында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев Санкт-Петербург шаарынын Өкмөтүнүн делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Делегацияны тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра жетектеди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек менен Санкт-Петербург шаарларынын ортосундагы өнөктөштүк мамилелердин тарыхый маанисин белгилеп, алардын туруктуу өнүгүп жатканын жана кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экенин билдиришти.
Негизги көңүл эки шаар ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жандандыруу маселелерине бурулду. Анын ичинде кызматташуунун негизги багыттары боюнча иш-чаралар планы — «Жол картасын» жаңыртуу жана андан ары ишке ашыруу маселелери каралды.
Евгений Кассюра Бишкек мэриясына «Наристе» аттуу Эл аралык балдар фольклордук фестивалына катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулганын жана маданий байланыштарды бекемдөөдөгү маанисин белгиледи.
Өз кезегинде мэрдин биринчи орун басары муниципалитет өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Анын ичинде шаардык башкаруу, көрктөндүрүү жана турак жай-коммуналдык чарба тармагында тажрыйба алмашуу, ошондой эле имараттардын фасаддарын жаңылоо маселелери боюнча кызматташтыкты күчөтүү каралары айтылды.
Мындан тышкары, тараптар туризм тармагындагы кызматташуунун келечегине өзгөчө көңүл бурушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар шаарларды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин натыйжалуу чечүүгө жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган эки тараптуу кызматташтык мындан ары дагы тереңдей турганына ишеним билдиришти.
Маалымат үчүн: Бишкек менен Санкт-Петербург шаарларынын ортосунда өнөктөштүк мамилелер 2015-жылдын 24-ноябрында түзүлгөн. 2022-жылдын 4-ноябрында Бишкекте Бишкек шаарынын мэриясы менен Санкт-Петербург Өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы («Жол картасы») кол коюлган.



