2026-жылдын 8–12-апрель күндөрү Санкт-Петербург шаарында Россия Федерациясынын Маданият министрлиги жана Санкт-Петербург маданият комитетинин колдоосу менен XXVIII «Россиядагы жолугушуулар» орус театрларынын фестивалы өтүүдө.
А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры фестивалда Фёдор Достоевский чыгармасынын негизинде коюлган «Дядюшкин сон» спектаклин — сезондун премьерасын сунуштады.
Коюлуш провинциялык турмушту чагылдырып, эки жүздүүлүк жана адамдык алсыздыктар темасын ачып берет. Режиссёру — Уланмырза Карыпбаев.
Ошондой эле театрдын директору Жолдошбек Аманкулов эл аралык конференцияга катышууда, ал эми кызматкери Азамат Турусбек уулу «Культурная инициатива» Ассоциациясынын колдоосу менен кесиптик стажировкадан өтүүдө.
Белгилей кетсек, театрдын бул катышуусу маданий байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт.




