Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында 2026-жылдын 7-апрелинен тартып адамзат тарыхындагы маанилүү окуя — биринчи космонавт Юрий Гагариндин космоско учуусунун 65 жылдыгына арналган декада өтүүдө.
Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын негизги максаты — ата мекендик жана дүйнөлүк космонавтиканын жетишкендиктерин жайылтуу, окуучулардын таанып-билүү кызыгуусун өнүктүрүү жана патриоттук тарбия берүү.
Декаданын алкагында борбор калаанын бардык мектептеринде космосту өздөштүрүүнүн тарыхына жана алгачкы космонавттарга арналган тематикалык стенддер жана фотокөргөзмөлөр уюштурулуп, класстык сааттар жана ачык сабактар өткөрүлүүдө. Ошондой эле «12-апрель — Космонавтика күнү», «Жылдыздарга жол», «Адамдын космоско алгачкы учуусу» темаларында сүрөт жана кол өнөрчүлүк боюнча сынактар, документалдык тасмаларды көрсөтүү уюштурулууда.
Айрыкча №25 жалпы билим берүү мектебинде өткөрүлүп жаткан иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулду. Декаданын алкагында Космонавтика күнүнө арналган иш-чара өтүп, ага эмгек ардагерлери — 1967-жылы Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) космостук аппараттар үчүн приборлорду иштеп чыгуу максатында түзүлгөн СССР Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун өзгөчө конструктордук бюросунун өкүлдөрү катышты.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин административдик району боюнча муниципалдык администрациясы, ошондой эле Ленин районунун билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Юрий Гагариндин эстелигине гүл коюу аземи өткөрүлүп, окуучулардын сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, «Космостук сага» темасында ачык сабактар жана класстык сааттар өткөрүлдү. Башталгыч класстын окуучулары үчүн «Азия» балдар театры даярдаган «Космостук доордун башталышы» аттуу таанып-билүү спектакли көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 10-апрелинде №25 мектепке ардактуу конок — Кыргызстандын биринчи космонавты, Кыргыз Республикасынын Баатыры жана Россия Федерациясынын Баатыры Салижан Шарипов келет.
Декаданын өткөрүлүшү өсүп келе жаткан муундун илимге, техникага жана космостук жетишкендиктердин тарыхына болгон кызыгуусун арттырууга, ошондой эле муундар аралык байланышты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.







