Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Осмон Ата конушунун тургундары менен жолугуп, алардын жер тилкелери жана үйлөрү Чыгыш айланма жолунун курулушуна туш келип жаткан маселелерди талкуулады.

Бузуу алдында турган 12 үй боюнча алардын ээлерине компенсация төлөп берүү чечими кабыл алынды. Ал эми жер тилкелери боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тең баалуу жер берүү же башка альтернативалуу варианттарды сунуштоо максатында алмашуу  жүргүзүлөт.

Жолдун болжолдуу узундугу 16,2 чакырымды түзөт. Долбоордун алкагында мамлекеттик өнөктөш жалпы аянты 79,8 гектар жерди бөлүп берет, анын ичинде:

64,8 гектар — жол куруу үчүн;
15,0 гектар — төлөм алуу пункттары жана тиешелүү инфраструктура үчүн.

Бул долбоор шаар көчөлөрүндөгү транспорттук жүктү азайтууга, транзиттик унааларды кайра бөлүштүрүүгө, экологиялык абалды жакшыртууга жана борбор калаанын транспорт системасынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Чыгыш айланма жолун учурдагы жол тармагы менен ыңгайлуу туташтыруу үчүн кошумча жол тилкелери курулат.

Долбоор төрт негизги магистралдык көчөнү камтыйт:

Сухэ-Батор көчөсү — Ауэзов көчөсүнөн жаңы жолго кошулган жерге чейин;
Жукеев -Пудовкин  көчөсү — Аалы Токомбаев көчөсүнөн Балык Кумар көчөсүнө чейин;
Путепроводная (Лев Толстой) көчөсү — Ауэзов көчөсүнөн жаңы жолго кошулган жерге чейин;
Ахунбаев көчөсү — Ауэзов көчөсүнөн жаңы жолго кошулган жерге чейин.

Бул жол тилкелеринин ишке ашырылышы шаардык маанидеги жаңы магистралдык багыттарды түзүүгө, тургундар үчүн жаңы инфраструктурага жеткиликтүүлүктү камсыздоого, альтернативдүү каттамдарды түзүүгө жана транспорт агымын кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет. Натыйжада, учурдагы жол тармагына болгон жүк азаят.

Жалпысынан алганда, Чыгыш айланма жолу менен кошо бул чаралар борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, тыгындарды туруктуу кыскартуунун негизин түзөт.