2026-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев "Новопавловка" №106 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен көчмө жыйын өткөрдү.
Жолугушуу 102 жана 111 контурларда жайгашкан жер тилкелеринин ээлери менен өттү. Бул аймактар түндүк айланма жолго жанаша жаңы жолду куруу долбоорунун алкагына кирет. Аталган жол Гоголь көчөсүнөн башталып, түндүк айланма жолго чейин созулуп, узундугу 17 чакырымды түзөт.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруунун алкагында жер тилкелерин алмаштыруу механизми караштырылат.
Жыйынтыгында мэр Ленин райондук администрациясына ар бир жер үлүшүнүн ээсинен арыздарды кабыл алууну уюштуруп, маалыматтарды тактоо жана жаңылоо тапшырмасын берди.
Бишкек шаарынын мэриясы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана тургундардын кызыкчылыктарын эске алуу боюнча иштерди улантат.






