2026-жылдын 9-апрелинде саат 06:00дөн 09:00гө чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана башаламан токтотулган унааларды тартипке келтирүү максатында кезектеги рейд өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө үч сааттын ичинде атайын жол белгиси менен тыюу салынган жерлерге, таштанды челектердин алдына жана аялдамаларга токтогон 37 унаа эвакуацияланып, айып короо жайына киргизилди.
Мындан тышкары, жашыл аймакка автоунааларын токтоткон транспорт каражаттарынын ээлерине жалпы суммасы 38 500 сомду түзгөн 7 протокол түзүлдү.
Ошондой эле таштанды аянтчалардын жанына автоунаа токтоткондугу үчүн жалпы суммасы 6 000 сомду түзгөн 2 протокол түзүлдү.
Бул багыттагы рейддик иш-чаралар мындан ары да туруктуу негизде улантыларын белгилейбиз.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырып, айрыкча унааларды аялдамаларда, жол жээгинде жана жашыл аймактарда токтотпоону эскертет.
Эскерте кетсек, унааны туура эмес токтоткондор үчүн 1000 сом айып пул каралган. Жеринде протокол түзүү 300 сомду түзөт, эвакуатор кызматтары — 1600 сом, ал эми жашыл аймакка токтоткондор үчүн 5500 сом айып пул каралган.








