Бишкек шаарында Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде заманбап эстакадалык көпүрөнү камтыган транспорттук түйүн куруу пландалууда.
Жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгында долбоорду ишке ашырууда 64 объектти бузууга туура келет. Алардын арасында жеке менчиктеги жер тилкелери, ошондой эле убактылуу пайдаланууга берилген муниципалдык жерлер бар. Мындан тышкары, айрым объектилер Ала-Арча дарыясынын суу коргоо зонасында жайгашкан.
Чарбалык субъекттердин ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү эскертмелер берилди. Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан келишимдери мыйзам чегинде токтотулган объектилерди демонтаждоо иштери башталды.
Шаар тургундарын шаарды өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэриясы мамлекеттик актылары бар жер тилкелеринин ээлерине альтернативалуу жерлерди же тиешелүү акчалай компенсация сунуштайт.
Бишкек шаарынын мэриясы процесстин ачыктыгын камсыз кылуу жана бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу максатында жарандар жана ишкерлер менен иш алып барууну улантат.
Белгилей кетсек, Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан жолдорду реконструкциялоо программасынын алкагында 2026-жылдын I кварталында 246 жеңил типтеги объект жана 152 капиталдык курулуш демонтаждалган.






