Бишкек шаарынын кичи райондорунда муниципалдык аймактарга өз алдынча орнотулган конструкцияларды аныктоо жана демонтаждоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.

Рейд өткөрүүгө шаар тургундарынан түшкөн көптөгөн даттануулар негиз болду. Текшерүү учурунда Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын (УКЗ) кызматкерлери 13 даректи карап чыгып, мыйзамсыз орнотулган 40 объектти демонтаждашты.

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык аймактарга тиешелүү уруксат документтери жок кандайдыр бир тосмолорду же башка конструкцияларды орнотууга жол берилбей турганын эскертет. Мындай рейддер туруктуу негизде жүргүзүлүп турат.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз тосмолор шаардык дизайн-код талаптарын бузуу менен катар атайын кызматтардын унааларынын эркин өтүшүнө да тоскоолдук жаратат.