Ак-Тилек конушунда, Ак-Шоокум көчөсүндө 100 орундуу жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу уланууда.

Тапшырыкчы Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы. Подряддык уюм — «ПСО Адис Строй» ЖЧКсы.

Жер тилкесинин аянты - 0,2179 гектарды түзөт, ал эми имараттын жалпы аянты — 1042,05 чарчы метр. Объект борбор калаанын Свердлов районунда жайгашкан.

Учурда темир-бетон каркасы толугу менен бүткөрүлдү, чатырын жабуу жана кирпич дубалдарын орнотуу иштери жүрүп жатат.