Бишкек шаарында А. Токтоналиев көчөсү, 62 дарегинде жайгашкан көп функционалдуу спорт комплексинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев жана шаар тургундары катышты.

Ачылыш аземинде  мэр спорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи:

«Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү — биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири. Биз Бишкек шаарынын ар бир тургуну, жаш курагына карабастан, заманбап жана коопсуз шарттарда спорт менен машыга алышы үчүн бардык шарттарды түзүп жатабыз.

Бүгүнкү күндө балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде спорттун алты түрү өнүгүүдө: футбол, волейбол, баскетбол, шайбалуу хоккей, гандбол жана бадминтон. 108 окуу-машыгуу топторунда 1600дөн ашык спортчу машыгып, алар менен 41 машыктыруучу иш алып барат, алардын ичинен 5и Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучулары.

Узак жылдар бою мектептин өзүнүн базасы болгон эмес. Ошондуктан азыр заманбап шарттар жана толук кандуу инфраструктура түзүлүп жатканы өзгөчө маанилүү. Бул комплекстин ачылышы — балдар жана жаштар үчүн өнүгүү мейкиндиги, массалык спортту колдоо жана шаардын келечегине салым», — деп белгиледи.

Объект жалпы аянты 2 296 м², заманбап эки кабаттуу имараттан турат. Ага чектеш жер тилкесинин аянты 0,2637 гектарды түзөт.

Биринчи кабатта гардероб, машыктыруучулар бөлмөсү, калыстар бөлмөсү, кызматкерлер үчүн жайлар, санитардык түйүндөр, эркектер жана аялдар үчүн чечинүү бөлмөлөрү, инвентардык бөлмө, ошондой эле эки толук өлчөмдөгү спорт аянтчасы  жайгашкан.

Экинчи кабатта машыгуу залы, медициналык кабинет, санитардык түйүн жана техникалык бөлмө бар.

Курулуш заманбап технологиялар менен жүргүзүлгөн: ленталык фундамент, металл каркас жана сэндвич-панелдер колдонулган. Бул имараттын бекемдигин, энергияны үнөмдөөнү жана узак мөөнөттүү пайдаланууну камсыз кылат.

Подряддык уюм — «Аль Фирдаус» компаниясы.