Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын ички аудит башкармалыгынын ички аудит бөлүмүндөгү бош административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө өзгөчө тартипте тандоо жарыялайт.

Ички аудит жаатындагы бош административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн жалпы квалификациялык талаптардын бири болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан берилген ички аудитордун квалификациялык сертификаты милдеттүү түрдө болушу керек.

Мындан тышкары, талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
- Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
- ⁠18 жаштан кем эмес болууга;
- ⁠мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш.

Белгилей кетсек, документтер 2026-жылдын 13-апрелинен 24-апрелине чейин күн сайын дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин саат 09:00дөн 18:00гө чейин (түшкү тыныгуу саат 12:30дан 13:30га чейин) Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын № 106-кабинетинде Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 166 дареги боюнча кабыл алынат. Байланыш телефону: 979195, кошумча 0124.

Төмөнкү шилтеме аркылуу ички аудит тармагындагы муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орундарын ээлөөгө коюлган квалификациялык талаптар жана тандоого катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси менен таанышууга болот.

https://docs.google.com/document/d/12CR_76GwqEJqScTRxIe15UMg_Pafo5T0/edit?usp=sharing&ouid=108855463050776696416&rtpof=true&sd=true