Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйындын алкагында борбор калаанын унаа жол тармагын өнүктүрүү долбоорлорунун даярдалышы жана ишке ашырылышы менен таанышты.
Чыңгыз Айтматов проспекти боюнча «Фрунзе» турак жай комплексине, ошондой эле «Ала-Арча» соода-оюн-зоок борборуна кирүүчү жолдорду уюштуруу пландалууда.
Мындан тышкары, эки жаңы жолду куруу жана светофор орнотуу маселеси каралды:
Миңжылкыев көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектисинен Тыналиев көчөсүнө чейин, жалпы узундугу 1,3 км (2 тилке);
Арстанбек Дүйшеев көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейин, жалпы узундугу 1,1 км (4 тилке).
Белгилей кетсек, Минжылкыев көчөсүн куруу учурунда жаңы жол окуу имараттарына өтө жакын өтө тургандыктан, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин айрым чектеш аймактары долбоорго тартылат.
Жөө жүргүнчүлөрдүн, анын ичинде студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында жер алдындагы өтмөктөрдү куруу каралган.




