Бишкек шаарынын №8 жалпы билим берүү мектебинин базасында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн кеңешме өткөрүлдү

Кеңешменин негизги темасы Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» мамлекеттик стандартынын аткарылышы боюнча текшерүү жана көзөмөл жыйынтыктарынын аналитикалык маалыматын кароо, ошондой эле методикалык жардам көрсөтүү маселелери болду.

Кеңешменин жүрүшүндө өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыктары сунушталып, мектепке чейинки уюмдардын учурдагы иш абалы, мамлекеттик стандарттын талаптарынын аткарылыш деңгээли, аныкталган көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды.

Өзгөчө көңүл билим берүү процессинин сапатына жана балдар үчүн өнүктүрүүчү чөйрөнү түзүүгө, мектепке чейинки уюмдардын ишмердүүлүгүндө нормативдик талаптарды сактоого, педагогикалык кызматкерлердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле өз убагында жана натыйжалуу методикалык колдоо көрсөтүүгө бурулду.

Кеңешменин жыйынтыгында жетекчилерге мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишин өркүндөтүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган тиешелүү сунуштар берилди.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти борбор калаадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын көзөмөлдөө, координациялоо жана методикалык жактан коштоп туруу боюнча системалуу ишин улантат.