Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу №40 жалпы билим берүүчү мектебинде «Уңгу жол — улут мурасы» темасында ачык класстык саат өткөрүлдү. Иш-чара руханий-адеп-ахлактык тарбияга жана этнопедагогикалык баалуулуктарды өнүктүрүүгө арналды.

Иш-чара 5 «Д» классынын окуучуларынын катышуусунда уюштурулуп, өсүп келе жаткан муундун тарыхый мураска, маданиятка жана кыргыз элинин каада-салттарына болгон урмат-сыйын калыптандырууга багытталды.

Класстык сааттын негизги максаты — окуучуларды кыргыз элинин байыркы тарыхы, бай маданий мурасы жана улуттук баалуулуктары менен тааныштыруу болду.

Ачык сабактын жүрүшүндө кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхый жолу, руханий баалуулуктары, каада-салттары жана улуттук өзгөчөлүктөрү тууралуу материалдар сунушталды. Ошондой эле маданий мурастарды сактоо жана келечек муундарга жеткирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындай иш-чаралар окуучуларды патриоттук тарбиялоого, улуттук маданиятка болгон сый-урматты арттырууга жана руханий-адеп-ахлактык сапаттарды калыптандырууга өбөлгө түзөт.