Бишкек шаарында таяныч-кыймыл аппаратынын мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында шахмат боюнча Азиянын биринчи чемпионатынын  жабылыш  аземи болуп өттү. Иш-чара кыймыл мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын эл аралык шахмат ассоциациясы — IPCA тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын директору Мелис Тобокелов, ошондой эле коомдук ишмер Ассоль Молдокматова катышты.

Шаар башчысы чемпионатты өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн демилгечилерге жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, бул иш-чара таланттуу спортчуларды аныктоого, аларды колдоого жана эл аралык мелдештерге даярдоого чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи.

«Бул чемпионат таланттуу спортчуларды аныктоо, колдоо жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерге даярдоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды. Мындай демилгелер эл аралык колдоого ээ болуп, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана адаптивдик спорттун өнүгүшүнө чоң салым кошот», — деп белгиледи А.Ж. Джунушалиев.

Мелдеш FIDE, ACF жана IPCA уюмдарынын колдоосу менен өткөрүлдү.

Чемпионатка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россия мамлекеттеринен 25ке жакын шахматчы катышты. Мелдештер классикалык шахмат, рапид жана блиц түрлөрү боюнча өткөрүлүп, швейцардык система менен 9 турдан турду.

Чемпионаттын негизги максаты — мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында интеллектуалдык спортту өнүктүрүү, алардын коомдук турмушка активдүү катышуусун кеңейтүү жана эл аралык спорттук кызматташтыкты бекемдөө болду.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль, диплом жана эстеликке белектер менен сыйланышты.