Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Улуттук доктринасынын идеологиялык багыттарын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле анын коомдук баалуулуктарды калыптандыруудагы маанилүү ролун эске алуу менен, Бишкек шаарында жыл сайын өткөрүлүүчү «ЭКОБАТЛ – 2026» экологиялык долбоору өтүүдө.
Долбоордун демилгечилери — Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Эл аралык инновациялык технологиялар университети. Долбоорго борбор калаадагы мектеп окуучуларынан түзүлгөн командалар катышууда.
2026-жылдын 7-апрелинде долбоордун алкагында бардык катышуучулар үчүн таанышуу иш-чарасы өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө мектеп командалары таштандыларды кайра иштетүүчү ишканага барып, таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүү процесстери менен таанышып, алардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири тууралуу кеңири маалымат алышты.
2026-жылдын 11-апрелинде масштабдуу экологиялык акция уюштурулуп, ага 20 мектеп командасы жетекчилери менен бирге активдүү катышты. Эл аралык инновациялык университет, Департамент жана укук коргоо органдарынын колдоосу менен катышуучулар Достук айылына жеткирилди.
Акциянын жүрүшүндө жалпы аянты 90 миң чарчы метрге жакын аймак тазаланды. Жалпысынан 691 кап таштанды (ар бири 50 кг) жыйналып, 34,5 тоннадан ашык калдыктар чыгарылды. Катышуучулар экологиялык жоопкерчиликти жана командалык ишти жогорку деңгээлде көрсөтүштү.
Иш-чаранын жыйынтыгында Достук айылынын тургундары окуучуларга, уюштуруучуларга жана колдоо көрсөткөн бардык тараптарга чын дилден ыраазычылык билдиришти.
Мындай демилгелер коомдо экологиялык маданиятты калыптандырууга өбөлгө түзүп, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо өзгөчө мааниге ээ.






