2026-жылдын 13-апрелинде Кыргыз улуттук агрардык университети базасында жогорку окуу жайлардын студенттери арасында «Акыл таймаш» интеллектуалдык долбоорунун экинчи сезонунун бешинчи оюну болуп өттү.
Оюнга Бишкек шаарындагы ЖОЖдордон тогуз команда катышты. Катышуучулар билим деңгээли, логикалык ой жүгүртүү жана ыкчам чечим кабыл алуу боюнча күч сынашты. Долбоордун негизги максаты — жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү, достук мамилелерди бекемдөө жана студенттер арасында командалык иш маданиятын калыптандыруу.
Жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
I орун — Кыргыз-Түрк Манас университети;
II орун — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
III орун — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле оюн жыйынтыгы боюнча кубок Кыргыз-Түрк Манас университети командасына ыйгарылды.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин жаштар иштери боюнча жетектөөчү адиси Анара Алымбекова, ошондой эле департаменттин Консультативдик кеңешинин төрагасы Данияр Бекишов катышты.
Иш-чаранын уюштуруучулары — Департаменттин Консультативдик кеңеши жана «Агартуу лигасы» билим берүү уюму. Оюн Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, «Акыл таймаш» интеллектуалдык оюну 2026-жылдын ноябрь айына чейин улантылат.



