2026-жылдын 12-апрелинде Константиновка айылында балык уулоо спорту боюнча Бишкек шаарынын мэринин Кубогуна арналган мелдеш өттү. Мелдеш «түбүнө салынуучу кайырмак менен балык уулоо» (фидер) дисциплинасы боюнча 18 жаштан жогору ышкыбоздор арасында уюштурулду.
Мелдешке 43 спортчу катышып, жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун — Коротаев Олег;
2-орун — Кулумбетов Нурсултан;
3-орун — Сергей Ли.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти Кыргыз Республикасынын балык уулоо спорту федерациясы менен биргеликте уюштурду.

