2026-жылдын 9–13-апрелинде Манас шаарында стол үстүндөгү теннис боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү.
Мелдешке Бишкек шаарындагы Теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары катышып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, татыктуу жыйынтыктарга жетишишти.
Бишкек шаарынын аялдар курама командасы командалык эсепте ишенимдүү түрдө 1-орунду ээледи. Команданын курамында Саида Кудусова, Аяна Уланбекова жана Раяна Мураталиева чыгышты.
Эркектер арасында да Бишкек курама командасы командалык мелдеште жеңүүчү аталды. Команданын курамында Мавлан Бахаутдинов өзгөчөлөндү.
Аялдар арасындагы жуптук мелдеште алтын медалдарды Саида Кудусова менен Нуркыз Аязбекова жеңип алышты.
Аралаш жуптар арасында бишкектик спортчулар эки ирет байгелүү орунга чыгып, үчүнчү орундарды ээлешти: Саида Кудусова Мавлан Бахаутдинов менен, ошондой эле Раяна Мураталиева Марлен Алимкулов менен жуп түзүп ийгилик жаратты.
Жеке эсептеги мелдеште Саида Кудусова өлкө чемпиону аталып, Аяна Уланбекова жана Раяна Мураталиева коло медалдарга ээ болушту. Эркектер арасында Марлен Алимкулов үчүнчү орунду ээледи.
Ошондой эле мелдештин жыйынтыгы боюнча машыктыруучу Камчыбек Кудусовдун тарбиялануучусу Раяна Мураталиевага жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бөлүмүнүн машыктыруучусу Жанболот Тилемиш уулуна «Кыргыз Республикасынын спорт чебери» ардактуу наамы ыйгарылды.
Чемпионаттын маанилүү багыттарынын бири — инклюзивдүү спортту өнүктүрүү болду. Мелдешке Жанара Табылдиева жана Аделя Садыкова да катышып, жогорку атаандаштыкка карабастан ар бири сегизден беттеш өткөрүп, бирден жеңишке жетишип, командасын татыктуу деңгээлде көрсөтүштү.


