2026-жылдын 4–15-апрель күндөрү IPCA уюмунун колдоосу астында майыптыгы бар адамдар арасында шахмат боюнча Азиянын биринчи чемпионаты болуп өттү.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россия мамлекеттеринен жалпы 25 спортчу катышты.
Катышуучулардын арасында Шахмат боюнча БӨСМдүн тарбиялануучулары Тилеген Рахатбеков жана Баястан Асангазиев да болуп, алар эл аралык аренада өлкө намысын татыктуу коргошту.
Мелдештин жыйынтыгында классикалык шахмат түрү боюнча Тилеген Рахатбеков жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүп, 3-орунду ээледи.
Бул турнирге катышуу инклюзивдүү спортту өнүктүрүүдө жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында шахматты жайылтууда маанилүү кадам болуп саналат.
Участие в турнире стало важным шагом в развитии инклюзивного спорта и продвижения шахмат среди лиц с инвалидностью.




