2026-жылдын 11-апрелинде Бишкек шаарында экстремалдык жана көчө спорт түрлөрү боюнча масштабдуу чемпионат болуп өттү. Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти Кыргыз Республикасынын экстремалдык жана көчө спорт түрлөрү федерациясы менен биргеликте уюштурду.
Мелдештер Ынтымак-2 паркынын аймагында өткөрүлүп, паркур, BMX жана скутеринг багыттарын камтыды.
Иш-чаранын алкагында бир нече тематикалык зоналар уюштурулду. Скейт аянтчасында BMX жана спорттук самокат боюнча мелдештер өтсө, өзүнчө паркур аянтчасында катышуучулар фристайл жана акробатика боюнча чеберчиликтерин көрсөтүштү.
Ошондой эле катышуучулар жана көрүүчүлөр үчүн кошумча интерактивдүү жана көргөзмө зоналар даярдалды. Алардын катарында туризм академиясынын өкүлдөрү уюштурган туристтик зона, Кыргыз Республикасынын мотоцикл спорту федерациясы тарабынан уюштурулган мотозона, ошондой эле лянги аянтчасы болду. Мындан тышкары, мас-рестлинг жана армрестлинг сыяктуу оюндардын зоналары да иш алып барды.
Иш-чара көптөгөн катышуучуларды жана көрүүчүлөрдү чогултуп, жогорку атаандаштыкты жана спорттук атмосфераны камсыз кылды.
Мелдештин жыйынтыктары:
BMX (ышкыбоздор):
1-орун — Тимофей Карасев;
2-орун — Расул Шарапов;
3-орун — Вадим Кузнецов.
BMX (PRO):
1-орун — Александр; Сергеевич;
2-орун — Архип Евич;
3-орун — Никита Соловьев.
Скутеринг (ышкыбоздор):
1-орун — Матвей Чернецов;
2-орун — Дмитрий Савицкин;
3-орун — Григорий Васильев.
Скутеринг (PRO):
1-орун — Мирлан Купурзаев;
2-орун — Нурлан Темирбаев;
3-орун — Тимур Мурзакаримов.
Паркур (фристайл):
1-орун — Аброрбек Абдуллаев;
2-орун — Эмиль Уланов;
3-орун — Николай Котляров.
Паркур (салки):
1-орун — Назар Абакиров;
2-орун — Амантур Аттокуров;
3-орун — Амар Кумушбек.















