Көчмө жыйындын алкагында калаа башчысы Кожомкул атындагы Спорт сарайынын аймагындагы демонтаж иштерин көрүп чыкты. Бул жерде жаңы бассейн куруу пландалууда. Ошондой эле спорт сарайынын имараты текшерилип, аныкталган көйгөйлүү жерлер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Мэр  алдыдагы реконструкциянын концепциясы Спорт сарайынын жана «Жаштык» аренасынын архитектуралык көрүнүшүнө  шайкеш болушу керектигин, мындан тышкары, ал мурда бул объекттин базасында өнүккөн спорт түрлөрү менен машыгууга шарттарды сактап калуу зарылдыгын белгиледи.


Эске салсак, жаңы бассейн курула турган тилкеде демонтаж иштери жүрүп жатат. Объектте үч экскаватор жана 16 даана атайын техника тартылган. Иштерди Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүүдө.

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун  корутундусуна ылайык, эски бассейнди калыбына келтирүү мүмкүн эмес деп аныкталган. Ошондуктан аны бузуп, ордуна жаңы объект куруу чечими кабыл алынган. Бассейн 1974-жылы пайдаланууга берилген, өлкөдөгү жалгыз олимпиадалык стандарттагы объект болуп эсептелген жана 2006-жылы жабылган.

Реконструкция долбоору инфраструктураны жаңылоого жана спортту, анын ичинде суу спорту түрлөрүн өнүктүрүү үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган. Жаңы бассейндин курулушу машыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, шаар тургундары үчүн спорт объектилеринин жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Ошондой эле мэр «Манас» аэропорту тарапка альтернативдүү жолдун курулушунун жүрүшүн текшерди. Бул тилкенин узундугу 1,5 чакырымды түзөт. Анда төрт тилкелүү жол, тротуарлар, сугат системасы жана унаа токтотуучу жайлар каралган.

Калаа башчысы подряддык уюмдарга иштердин темпин тездетүүнү, эки нөөмөттүү иш режимин уюштурууну, ошондой эле курулуш аянтчасында коопсуздуктун талаптагыдай деңгээлин камсыз кылууну тапшырды.