Бүгүн, 2026-жылдын 16-апрелинде, окуунун он күндүгүнүн алкагында, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева №70 мектептин төртүнчү класстарынын окуучулары менен жолукту.
Иш -чаранын жүрүшүндө мэрдин орун басары мугалимдер жана окуучулар тарабынан даярдалган китептердин жана чыгармачыл эмгектердин тематикалык көргөзмөсүн көрдү. Көргөзмөдө белгилүү чыгармалардын иллюстрациялары, окуу күндөлүктөрү жана балдар жасаган кол өнөрчүлүк буюмдары камтылган.
Виктория Мозгачева окуучуларга Даниел Дефонун "Робинзон Крузо" романынан үзүндү окуп берди. Окуучулар кызыгуу менен угуп, андан кийин талкууга активдүү катышып, чыгарманын каармандары, анын сюжети жана негизги идеялары тууралуу ойлорун бөлүшүштү.
Ачык диалог форматында окуучулар сүйүктүү китептери, окуунун жашоодогу ролу жана кесиптик жолу жөнүндө суроолорду бере алышты. Мэрдин орун басары окуунун жеке өнүгүү, адамдын дүйнө таанымын кеңейтүү жана сабаттуулук көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн маанисин баса белгиледи.
Жолугушуунун аягында катышуучулар конокко кызыктуу маек үчүн ыраазычылык билдиришип, көбүрөөк окуп жана окуган китептери тууралуу таасирлери менен бөлүшүүгө даяр экенин билдиришти.
Жолугушуу жылуу, достук жана ишенимдүү атмосферада өтүп, бардык катышуучуларга позитивдүү эмоцияларды жана андан ары окууга шыктандырууну калтырды.
Белгилей кетүүчү нерсе, мындай иш-чаралар мектеп окуучуларынын арасында китеп окууну жайылтууга жана көркөм адабиятка болгон кызыгууну өнүктүрүүгө багытталган.














