Бишкектеги Жибек Жолу проспектиси Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн жабылды.
Бул жерде диаметри 600 мм болгон канализация коллекторун орнотуу үчүн курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.
"Бишкексууканалы" муниципалдык ишканасы борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан келтирилген ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алып, каттамды алдын ала пландаштырууну суранат.