2026-жылдын 15-апрелинде Бишкек шаарынын №14 «Баластан» мектепке чейинки билим берүү уюмунда «Уңгу жол — биздин келечек» аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — балдарды кыргыз элинин маданий мурастары менен тааныштыруу, улууларды урматтоого тарбиялоо, патриоттук жана адеп-ахлактык сапаттарды калыптандыруу, ошондой эле улуттук оюндар жана кол өнөрчүлүк элементтери аркылуу тарбиялануучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү болду.

Иш-чаранын алкагында бала бакча, ата-энелер жана балдардын өз ара байланышын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп, бата, макал-лакаптарды колдонуу аркылуу кыргыз тилиндеги сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө шарт түзүлдү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин, ошондой эле Свердлов райондук билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Мындай маданий демилгелер өсүп келе жаткан муундун руханий-адептик тарбиясында маанилүү роль ойнойт жана улуттук салттарды, баалуулуктарды сактоого жана жайылтууга өбөлгө түзөт.