2026-жылдын 16-апрелинде Бишкек шаарынын мэриясынын алдында борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевге Zhong Tong жана Yutong маркасындагы эки автобустун жаңы түрлөрү көрсөтүлдү.

Бул  Бишкектин  конуштарын тейлөө үчүн 625 даана автобус сатып алуу долбоорунун алкагында сунушталды.

Көрсөтүлгөн Zhong Tong үлгүсүндөгү автобус газ мотордук күйүүчү май менен иштейт, ал эми Yutong маркасындагысы электр энергиясы менен жүрөт. Узундугу 890 см болгон бул автобустар төмөн полдуу болуп, кондиционер системалары менен жабдылган жана майыптыгы  бар  жарандар үчүн ыңгайлаштырылган.

Ошондой эле кийинки жумада Бишкекке кошумча дагы бир катар автобустардын түрлөрү кеңири салыштырма талдоо жүргүзүү үчүн алып келинери күтүлүүдө.

Азыркы учурда сунушталган моделдерге комплекстүү сыноо жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы боюнча корутунду даярдалып, анын негизинде жеткирүүчүлөрдү тандоо жана сатып алынуучу транспорттун техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча акыркы чечим кабыл алынат.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясы 625 даана чакан көлөмдөгү автобусту сатып алууну пландап жатат. Алар кондиционер системалары менен жабдылып, майыптыгы бар  жарандар үчүн ыңгайлаштырылат. Жаңы коомдук транспорт негизинен тар көчөлөрү бар конуштарда  натыйжалуу кызмат көрсөтүү үчүн пайдаланылат.