Бишкек шаарындагы №87 жалпы билим берүүчү орто мектебинде Китеп күнүнө арналган Окуу декадасынын алкагында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Э.Б. Алымбаеванын катышуусунда таанып-билүүчү адабий иш-чара өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө депутат 6-класстын окуучуларына Б. Алымбаеванын «Апанын тилеги» аттуу чыгармасын окуп берип, андан соң мазмундуу талкуу уюштурулду. Талкууга окуучулар, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин адиси А.К. Мурсаева жана мектептин педагогикалык жамааты катышты.
Иш-чаранын алкагында үй-бүлөлүк баалуулуктарга, ата-эне менен балдардын ортосундагы мамилелерге, ошондой эле жаш муундун руханий-адеп-ахлактык тарбиясына өзгөчө көңүл бурулду. Окуучулар талкууга активдүү катышып, суроолорун берип, өз ойлору менен бөлүшүштү.
Иш-чара жылуу жана ишенимдүү атмосферада өтүп, ачык диалог жүргүзүүгө жана окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын бардык билим берүү уюмдарында Окуу декадасынын алкагында балдар жана жаштар арасында китеп окууну жайылтууга багытталган бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө.



