Окуу декадасынын алкагында, Роза Отунбаеванын фонду, Билим берүү башкармалыгы жана мектеп жамааты тарабынан 6-класстын окуучулары үчүн акын, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Алтын калем» жана Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты, Кыргызстан Жазуучулар союзунун, ошондой эле Евразия жана ТҮРКСОЙ жазуучулар бирикмелеринин мүчөсү Бурулкан Сарыгулова менен чыгармачылык жолугушуу уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө акын өз чыгармаларынан үзүндүлөрдү көркөм окуп берип, окуучулар менен суроо-жооп форматында жандуу жана мазмундуу маек курду. Окуучулар акындын чыгармачылыгына жогорку кызыгуу көрсөтүп, активдүү суроолорду берип, өз ой-пикирлери менен бөлүшүштү.
Мындай жолугушуулар жаш муундун адабиятка болгон кызыгуусун арттырууга, окурмандык маданиятын калыптандырууга жана чыгармачылык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, алар окуучулардын руханий-адеп-ахлактык тарбиясында жана улуттук баалуулуктарды жайылтууда маанилүү роль ойнойт.





