Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын санитардык абалын жакшыртууга, заманбап жана жеткиликтүү коомдук санитардык инфраструктураны түзүүгө, ошондой эле шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоого багытталган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашырууда.


Бул максатта конкурс жарыяланып, анын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталды. Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык чарба департаменти тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 16-октябрындагы №239-т «Бишкек шаарындагы коомдук санитардык объекттерди өнүктүрүү» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча сунушту бекитүү жөнүндө тескемесин аткаруунун алкагында конкурстук тандоонун жыйынтыктоочу этабы ийгиликтүү аяктады.


Комиссиянын чечимине ылайык, долбоор боюнча конкурс жеңүүчүлөрү болуп «ЭКСПОРТ ПЛЮС» жоопкерчилиги чектелген коому жана жеке ишкер Бекбоева Роза Болотбековна   табылды.


Учурда Шаардык чарба департаменти тарабынан жеңүүчүлөр менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө тиешелүү макулдашууга кол коюлуп, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабы башталды. Анын алкагында шаар аймагында коомдук санитардык объекттерди куруу жана жайгаштыруу иштери жүргүзүлөт.


Долбоорду ишке ашыруу Бишкек шаарынын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртууга, шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.