2026-жылдын 12–14-апрелинде Анталия шаарында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык Victory Cup турнири болуп өттү.
Мелдешке ар кайсы өлкөлөрдөн келген күчтүү спортчулар катышып, жогорку деңгээлдеги атаандаштыкты көрсөтүштү.
«Ак Илбирс» Олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары Бишкек шаарын татыктуу деңгээлде көрсөтүп, байгелүү орундарды ээлешти:
3-орун — Шарапов Арсен (55 кг салмак категориясы);
3-орун — Гасанов Хасан (92 кг салмак категориясы).
Жыйынтыгында спортчулар эл аралык мелдештин коло байге ээлери болушту.


