Бишкектеги Жибек Жолу проспектиси Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн жабылгандыгына байланыштуу №13, №35, №45 каттамдар убактылуу өзгөртүлдү.

Белгилей кетсек, бул жерде диаметри 600 мм болгон канализация коллекторун орнотуу үчүн курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.

Урматтуу шаар тургундары, алдын-ала каттамыңыздарды пландап, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз.