Бишкек шаарынын коомдук транспорт тармагын оптималдаштыруу жана маршруттардын орточо узундугун кыскартуу максатында №244 кичи автобустун жүрүү схемасына өзгөртүүлөр киргизилди.

Буга чейин аталган маршрут Осмонкул, Күрөңкеев, Баялинов көчөлөрү аркылуу өтүп, Жаш Гвардия бульварын, Жибек Жолу проспектисин, ошондой эле Кулиев, Рыскулов, Фучик жана Коммунаров көчөлөрүн камтып келген.

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, №244 маршрут эми жүргүнчүлөрдү Рухий-Мурас жаңы конушунан Курманжан Датка көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишине чейин тейлейт.