2026-жылдын 17-апрелинде Бишкек шаарындагы №40 «Баластан» бала бакчасында «Мектепке чейинки курактагы балдардын көркөм-чыгармачылык ишмердүүлүгү» темасында семинар-практикум болуп өттү. Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти уюштурду.

Иш-чараны департаменттин башкы адиси Майтикова Ч.Н. өткөрдү. Семинарга борбор калаадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 120дан ашык педагогдору катышты.

Семинардын негизги максаты — балдарды көркөм өнөргө үйрөтүүдө педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, заманбап ыкмаларды киргизүү жана элдик чыгармачылыкка тартуу аркылуу өнүктүрүү болду.

Семинардын алкагында катышуучулар ар кандай курактагы топтордо көркөм ишмердүүлүктүн көп түрдүү техникалары боюнча билимдерин системалаштырышты, элдик декоративдик-колдонмо өнөр, чопо менен иштөө жана аппликация техникаларында пластикалык материалдар менен иштөөнүн практикалык ыкмаларын өздөштүрүштү, ошондой эле аппликация техникасында декоративдик композицияларды түзүүнүн усулдарын үйрөнүштү.

Семинар практикага багытталган мүнөздө өтүп, педагогдорго заманбап көркөм техникалар боюнча билимдерин тереңдетүүгө жана аларды билим берүү процессинде натыйжалуу колдонууга мүмкүндүк берди. Катышуучулар өздөрүнүн кесиптик деңгээлин жогорулатып, балдарды искусство жана элдик чыгармачылыкка чыгармачылык өз ара аракеттенүү аркылуу тартуунун жаңы ыкмаларын алышты.

Мындай иш-чараларды өткөрүү мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана балдардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.