2026-жылдын 17-апрелинде Т. Усубалиев атындагы аянтта Бишкек шаарынын Жол кайгуул кызмат  башкармалыгынын   өздүк курамын гарнизондук саптык кароосу  өткөрүлдү. Бул иш-чара жол эрежелерин бузуп токтотулган транспорт каражаттарын эвакуациялоо боюнча рейддик иш-чаралардын алкагында уюштурулду.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Жумагулов, Бишкек шаарынын Жол кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысы Борборбек Ташматов, ошондой эле райондордун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Айбек Джунушалиев  учурда мэриянын карамагында 10 эвакуатор бар экендигин, алардын негизги максаты — унааларды тартипке келтирүү, башаламан токтотууларды жоюу, жол кыймылын жөнгө салуу жана борбор калаанын тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү экендигин белгиледи.

«Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» муниципалдык ишканасы Жол кайгуул кызмат  башкармалыгы менен биргеликте күн сайын активдүү иш алып барып, жарандардын кайрылууларына жана «102» кызматы аркылуу түшкөн билдирүүлөргө ыкчам жооп кайтарып келет.

2026-жылдын башынан бери шаар аймагында жол эрежелерин бузуп токтотулган 5 220 транспорт каражаты эвакуацияланган.

Шаар башчысы Жол кайгуул кызмат  башкармалыгына жана «Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» муниципалдык ишканасына шаар аймагында токтотуу  эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырды.

Өзгөчө көңүл борбордук көчөлөргө, коомдук транспорт токтоочу жайларына, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерлерге, ошондой эле социалдык маанидеги объекттерге баруучу жолдорго бурулат.