2026-жылдын 17-апрелинде И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети базасында Балдарды санарип чөйрөдө коргоо боюнча Альянстын «Коопсуз санарип» аттуу эл аралык билим берүү марафону өтүүдө.
Иш-чара уюштуруучулардын жана ардактуу коноктордун куттуктоо сөздөрү менен ачылды. Катышуучулардын арасында Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева, ошондой эле билим берүү программасынын алдыңкы эксперттери жана спикерлери бар.
Жолугушуунун алкагында катышуучулар санариптик чөйрөдөгү актуалдуу темалардын кеңири спектрин талкуулашты. Өзгөчө көңүл жасалма интеллекттин өнүгүшүнө бурулуп, эксперттер анын заманбап дүйнөдөгү олуттуу артыкчылыктарын белгилешип, технологияларды жоопкерчиликтүү жана коопсуз колдонуу зарылдыгын баса көрсөтүштү.
Мындан тышкары, киберкоопсуздук маселелери өзүнчө блок катары каралып, санарип чөйрөдө балдарды коргоо, интернет мейкиндигиндеги тобокелчиликтер жана колдонуучулардын санарип сабаттуулугун жогорулатуу зарылдыгы талкууланды.
«Коопсуз санарип» марафону өсүп келе жаткан муун үчүн коопсуз жана туруктуу санарип чөйрөнү түзүүгө багытталган чечимдерди иштеп чыгуу жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.






