2026-жылдын 17-апрелинде Бишкек шаарындагы «Жаштык» шаардык маданият үйүнүн концерттик залында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун хор коллективдеринин арасында өтүп жаткан XXV ачык шаардык көркөм өздүк чыгармачылык фестиваль-сынагынын «Кызыл гвоздика – муундардын эсинде» экинчи тандоо туру өтүүдө.
Иш-чара 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган жана тарыхый окуяны сактоого, ардагерлер жамааттарынын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө жана өсүп келе жаткан муунду патриоттук тарбиялоого багытталган.
Фестивалдын уюштуруучулары болуп Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы жана «Кызыл гвоздика» согуш жана эмгек ардагерлеринин коомдук бирикмеси эсептелет.
Фестиваль 2000-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Анын демилгечиси Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлеринин «Кызыл гвоздика» хору болгон. 2001-жылдан тартып негизги өнөктөш жана демөөрчү болуп Бишкек шаарынын мэриясы, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Элчилигинин жана ардагерлер уюмдарынын колдоосу менен чыгып келет. Бул убакыт аралыгында 24 фестиваль өткөрүлгөн.
Биринчи тандоо туру 2026-жылдын 1-мартынан 20-мартына чейин көркөм өздүк чыгармачылык коллективдеринин арасында өткөн.
Учурдагы этапка 10 коллектив катышууда, алардын ичинде 4 хор жана 6 ансамбль бар. Жалпысы 73 сынактык номер сунушталып, ага 153 адам — 58 жаштан жогору согуш жана эмгек ардагерлери катышууда.
Катышуучулардын арасында «Кызыл гвоздика», «Русская душа», «Прялица», «Радуга», «Ветеран» (Бишкек ш.), «Ветеран» (Кара-Балта ш.), «Ак суунун ак элечек айымдары», «Казачья песня», «Сары-Өзөн айымдары», «Миң-Кыял» коллективдери бар.
Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт: вокалдык-хордук музыка, ырдоо, көркөм окуу жана музыкалык аспаптарда ойноо.
Фестиваль согуш жылдарындагы ырларды даңазалоого, музыкалык искусствону өнүктүрүүгө, Улуу Жеңиш тууралуу эстутумду сактоого жана ардагерлер кыймылын колдоого багытталган.
Сынактын жыйынтыктары жана жеңүүчүлөрдүн ысымдары гала-концертте жарыяланат. Ар бир номинация боюнча I, II жана III орундарды ээлеген жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар же белектер, ошондой эле тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланат. Фестивалдын бардык катышуучуларына грамоталар тапшырылат.







