2026-жылдын 17-апрелинде Бишкек шаарынын Ленин районундагы №93 орто жалпы билим берүү мектебинде Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында «Нарктуу мектеп – нарктуу коомдун негизи» аттуу масштабдуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты Жарлыктын жоболорун аткаруу, ошондой эле билим берүү уюмдарында жүргүзүлүп жаткан тарбиялык иштер боюнча тажрыйба алмашуу болду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Марат Иманкулов, «Уңгужол» концепциясынын авторлорунун бири Садыр Кайыпов, журналист жана улуттук насаатчы Шайыр Авсаматова, тележурналист, Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү Дүйшөк Мамбетөмүров, ошондой эле «Уңгужол» идеясын улантуучулардын бири, балдар китептеринин автору Марат Ибраев, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин жана Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин улуттук баалуулуктарына арналган жандуу көргөзмөлөр уюштурулду. Окуучулар руханий-адептик багыттарды жана салттарды чагылдырган тематикалык чыгармаларды жана сахналаштырылган көрсөтүүлөрдү тартуулашты.
№93 мектептин директору, «Уңгужол» улуттук насаатчысы А.Д. Абдылдаева «Нарктуу мектеп – нарктуу коомдун негизи» темасынын алкагында мектепте жүргүзүлүп жаткан тарбиялык иштер тууралуу кеңири маалымат берди.
Иш-чарага ошондой эле Ленин районундагы билим берүү уюмдарынын тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары жана мектеп психологдору катышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги, Борбор Азиядагы «Алтын үн» сыйлыгынын лауреаты, «Ынтымак» комузчулар жана дастанчылар тобунун көркөм жетекчиси Азиз Батыров аткарган «Алга, Кыргызстан» патриоттук ыры менен жыйынтыкталды.






