Бишкек шаарында «Газпром – балдарга» дене тарбия-ден соолук чыңдоо комплекси базасында тхэквон-до ИТФ боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги болуп өттү.
Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан 400гө жакын спортчу катышты. С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдөн 23 тарбиялануучу катышып, алардын баары байгелүү орундарды ээлеп, жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүштү.
Мелдештер календардык планга ылайык 6 жаштан 17 жашка чейинки спортчулар арасында өткөрүлдү. Катышуучулар жеке спарринг, жеке туль жана командалык спарринг дисциплиналары боюнча күч сынашты.
Турнирдин негизги максаттары — сергек жашоо образын жайылтуу, Кыргыз Республикасында тхэквон-до ИТФти өнүктүрүү, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу, ошондой эле 2026-жылы Улан-Батор шаарында өтө турган Азия чемпионатына улуттук курама команданы түзүү болуп саналат.
С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары ар түрдүү жаш жана салмак категорияларында байгелүү орундарды ээлеп, жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү.
Жыйынтыктар:
1-орун:
•Ким Ирсен (спарринг, 12–13 жаш, 40 кг чейин; туль, 6–1 гып; командалык спарринг);
•Садретдинова Софьяна (спарринг; туль; командалык спарринг);
•Иминова Аилинаиша (спарринг; туль);
•Михманов Имран (спарринг; туль);
•Кулатаева Айлин (спарринг; командалык спарринг);
•Турмаматов Идрис (спарринг; командалык спарринг);
•Мурзалиев Атабек (спарринг);
•Михманов Гафур (спарринг);
•Ахунов Амир (спарринг);
•Насыров Мансур (спарринг; командалык спарринг);
•Санташбеков Эльдар (спарринг; командалык спарринг);
•Кулагина Полина (командалык спарринг);
•Сейитбеков Азимбек (туль);
•Но Даниэль (туль; командалык спарринг);
•Хегай Кирилл (туль; командалык спарринг);
•Хон Игорь (командалык спарринг);
•Шаршеев Сальман (командалык спарринг);
•Салейходжаев Салих (командалык спарринг).
2-орун:
•Кулатаева Айлин (туль);
•Турмаматов Идрис (туль);
•Авезов Алинур (спарринг);
•Кулагина Полина (спарринг);
•Сейитбеков Азимбек (спарринг);
•Эсенова Акмарал (спарринг; туль);
•Жеенбаев Барсбек (туль);
•Шаршеев Сальман (туль).
3-орун:
•Идрисова Самира (туль);
•Мурзалиев Атабек (туль);
•Михманов Гафур (туль);
•Жеенбаев Барсбек (спарринг);
•Но Даниэль (спарринг);
•Хегай Кирилл (спарринг);
•Хон Игорь (спарринг; туль);
•Шаршеев Сальман (спарринг);
•Макамбаев Алимхан (спарринг).







