2026-жылдын 21-апрелинде саат 09:00дөн 24:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик жана өндүрүш объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Суу өчүрүлө турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
- Абакан көч., Дэн Сяопин проспектиси, Кустанай көч., темир жол линиясы;
- Кустанай көч., Профсоюз көч., Волков көч., Садыгалиев көч., П. Лумумба көч., Дэн Сяопин проспектиси.
«Киркомстром» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу суу берүү токтотулат.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдарды, ошондой эле калкты алдын ала ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт.
Эскерте кетсек, «Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирүүлөрдү алып турсаңыз болот.
