2026-жылдын 22-апрелинде саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик жана өндүрүш объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүлө турган аймактар: Тунгуч кичи району, Рухий Мурас, 44 Га, Кырман, 50 Га  конуштары.

Өчүрүү «Сельский» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдарды, ошондой эле калкты алдын ала ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт.

Эскерте кетсек, «Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирүүлөрдү алып турсаңыз болот.