Бүгүн, 2026-жылдын 17-апрелинде, №26 бала бакчада Окуу декадасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын басма сөз катчысы, акын айым Калмурат кызы Турсунай менен чыгармачыл жолугушуу болуп өттү.
Конок бала бакчанын тарбиялануучуларына кызыктуу жомокторду окуп берип, балдарды көркөм сөздүн жана улуттук адабияттын дүйнөсүнө жетеледи. Иш-чарага жогорку жана мектепке даярдоо тайпаларынын балдары катышып, жолугушууга жигердүү кызыгуу көрсөтүштү, кунт коюп угуп, суроолорду берип, өз таасирлери менен бөлүшүштү.
Чыгармачыл жолугушуу жылуу жана достук маанайда өтүп, кичинекей угармандар үчүн маанилүү окуя болду. Бул иш-чара балдардын китепке, эне тилге жана көркөм адабиятка болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.
Окуу декадасынын алкагында өткөрүлүп жаткан мындай иш-чаралар балдардын китепке болгон сүйүүсүн калыптандырууга жана алардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган.



