Бишкек шаарында 2026-жылдын 18-апрелинен тартып Лев Толстой көчөсүндө эки этап менен реабилитация иштери жүргүзүлөт.
Биринчи этапта 2026- жылдын 18-апрелинен тартып Термечиков көчөсүнөн Кривоносов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолду реабилитациялоо иштери башталат.
Ал эми экинчи этап менен Кривоносов көчөсүнөн тартып Т.Фрунзе көчөсүнө чейин жабылуу пландалууда.
Буга байланыштуу, 5 каттамдын кыймыл-чиймеси өзгөртүлөт.
Алар: №23, №62, №80, №227, №8(Т)
Урматтуу шаар тургундары, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга жана каттамыңыздарды алдын-ала пландоого чакырабыз.




